Сот №50 тергөө абагынан качкандардын ишине терроризм айыбын да кошту

Жазылуу
Прокуратура абактан качкандардын төртөө теракт жасоону пландаганын баса белгилөөдө.

БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту №50 тергөө абагынан качкандардын ишине терроризмди дагы кошконун сот залынан Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы билдирди.

Свердлов райондук соту абактан качкандардын ишин кароодо.

Прокуратура соттолуп жаткандардын айрымдарына террордук актыларды уюштурууга аракет жасаган деген айыпты тагууда.

Депутат Рыскелди Момбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Момбеков: экстремизмдин алдын албай эле артынан карап калдык
Сот качып кеткендердин ишине терроризм боюнча айыпты кошкону соттолуучулардын нааразычылыгын жаратып, алар соттун адилет өтүп жаткандыгынан шек санай тургандыктарын айтты.

Белгилей кетсек, 2015-жылы 11-октябрдан 12сине караган түнү Төмөнкү Нооруз айылында жайгашкан №50 тергөө абагынан тогуз кылмышкер качып, аларды токтотууга аракет кылган ЖАМКтын үч кызматкерин өлтүрүп, дагы бирин оор жарадар кылышкан. Ал беш күндөн кийин эсине келбей ооруканада каза болгон.

Беш кылмышкер ошол эле жерден кармалып, төртөө из суутуп кетүүгө үлгүргөн. Кийинчерээк милиция кызматкерлери үчөөнү жок кылып, бирөөсүн түрмөгө кайтарган.

Жаңылыктар түрмөгү
0