Газ ташуучу унаанын жарылышынан жабыркаган үчүнчү адам каза болду

© Фото / пресс-служба МЧС КРПожар бензовоза на улице Фучика — по дороге в аэропорт "Манас"
Пожар бензовоза на улице Фучика — по дороге в аэропорт Манас - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Реанимацияда жаткан дагы үч адамдын абалы оор экени айтылууда. Ал эми бөлүмдө дарыланып жаткан үч жабырлануучунун абал канааттандырарлык.

БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Газ ташуучу автоунаанын жарылышынан оор жаракат алган үчүнчү жабырлануучу көз жумду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун башкы дарыгери Алмазбек Кубатбеков билдирди.

Буга чейин өрттөн жабыркагандардын экөөсү каза болгону айтылган.

"46 жаштагы жабырлануучунун денеси 100 пайыз күйүп кеткен. Жарааты өтө оор болгондуктан кечээ саат 23.45те каза болду", — деп билдирди Кубатов. 

Белгилей кетсек, 6-июнда кечинде газ ташуучу автоунаа жарылып, андан жалпысынан 11 киши жабыркап, алтоо оор абалда ооруканага жеткирилген

Башкы дарыгер Кубатовдун айтымында өрттөн жабыркаган үч жарандын абалы оор. Дагы үч жарандын абалы канааттандырарлык.

Жаңылыктар түрмөгү
0