Депутаттар окуу жайга төлөнүүчү каражатты сом менен ишке ашырууну сунушташты

Жазылуу
Мыйзам долбоордун негизги максаты Кыргызстандын экономикасын доллардан арылтуу экенин билдиришти.

БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешов менен Жанар Акаев "Билим берүү" боюнча мыйзам долбоорго өзгөртүү киргизип, окуу жайга төлөнүүчү каражатты сом менен ишке ашырууну сунушташты. 

8-июнда өткөн пленардык жыйында демилгечилер мыйзам долбоордун негизги максаты Кыргызстандын экономикасын доллардан арылтуу экенин билдиришти. 

"Билим берүү мекемелеринин иш аракети жалаң сом менен жүргүзүлө турган болсо элге жеңилирээк болмок", — деп айтылат мыйзам долбоордо. 

Депутат Дастан Бекешов экономикалык кризис маалында ашыкча чыгым болбостон сом менен төлөм жүргүзүү жарандар үчүн ыңгайлуу экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0