Павел Федотов Перудагы ооруканадан чыгып, жансакчынын кайтаруусунда болот

© федерация тайского бокса КРВалентина Шевченко жана машыктыруучусу Павел Федотов. Архив
Валентина Шевченко жана машыктыруучусу Павел Федотов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Елена Шевченконун айтымына караганда милиция кылмышкерлерди издөөгө илинчек табылганын маалымдаган.

БИШКЕК, 8 июн — Sputnik. Тайбоксчу Валентина Шевченконун машыктыруучусу Павел Федотов жакынкы аралыкта ооруканадан чыгат. Аны жансакчылар кайтарып жатышат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Тайбокс федерациясынын президенти Елена Шевченко билдирди. 

Кыргызстандык тайбоксчу Валентина Шевченко. Архив - Sputnik Кыргызстан
Валентина Шевченко: машыктыруучум мени жана кафедеги кишилерди сактап калды
Белгилей кетсек, кыргызстандык спортчу кыз машыктыруучусу менен Перудагы кафелердин биринде атышууга кабылган. Каракчылардан коргонуу үчүн Федотов жанында алып жүргөн тапанчасын колдонууга аргасыз болуп, ичине ок жеген. Атышуу учурунда каракчылардын бири каза болгонун MMA Fighting сайты жазып чыккан.

Елена Шевченконун айтымына караганда милиция кылмышкерлерди издөөгө илинчек табылганын маалымдаган.

"Изилдөө иштери жүрүп жаткандыктан Федотов менен Шевченко өлкөнү таштап кете алышпайт. Бирок биз иштин эртерээк бүтүшүнө үмүт артабыз. Себеби Валентина июль айында өтө турган Холли Холмго каршы беттешүүгө даярдык көрүүсү керек", — деп федерациянын президенти билдирди. 

UFC on FOX 20 аталышындагы турнир 23-июлда Чикагодо өтөт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0