Масалиев өспүрүмдөр менен никелешүүгө тыюу салган мыйзам долбоорун кайра көтөрүп чыкты

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин отурумунда эл өкүлү Исхак Масалиев. Архив
Жогорку Кеңештин отурумунда эл өкүлү Исхак Масалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин аталган мыйзам долбоорун депутаттар колдобой койгон. Айрым эл өкүлдөр алардын ордуна добуш берилип калганын айтып чыгышкан.

БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Бүгүн Жогорку Кеңештин отурумунда эл өкүлү Исхак Масалиев өспүрүмдөр менен никелешүүгө тыюу салган мыйзам долбооруна кайрадан добуш берүү маселесин көтөрдү. 

Буга чейин депутаттар жашы жете элек өспүрүмдөр менен никеге турууга каршы багытталган мыйзам долбоорун четке кагышкан. 

"Мен кесиптештериме дайындап кетсем, мыйзам долбооруна каршы добуш берип коюшуптур. Демилгечи депутат катары кантип каршы добуш бермек элем? Мен мыйзам долбоорун кайрадан добуш берүүгө коюну өтүнөм", — деди Масалиев. 

Буга чейин "Ата Мекен" фракциясы Жогорку Кеңештин тармактык комитетине КРдин Үй-бүлө жана Кылмыш кодекстерине өзгөртүү киргизүүлөрдү кайрадан карап чыгуу өтүнүчү менен кайрылган. 

Аталган сунушту күн тартибине киргизүү үчүн тыныгуудан соң ал добушка коюла турган болду. 

Жаңылыктар түрмөгү
0