Чолпон-Атанын чоң жолуна кытайча жазылган жарнама илген ишкана кечирим сурады

Жазылуу
Көл кылаасындагы туристтик шаарга кире бериш жерге орнотулган жарнамалык темир тактадагы чет элдик жазуу алынат. Ал мамлекеттик тил боюнча мыйзамды одоно бузган.

БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. "Алтын" компаниясы кытайча жазылган өздөрүнө тиешелүү жарнаманы туристтик деп эсептелген Чолпон-Ата шаарынын чоң жолуна илип койгондугу үчүн кечирим сурады. 

Тил эрежелерин бузуу менен тагылган көрнөк-жарнак ээлерине чара көрүлөт
Буга чейин аны байкагандар Чолпон-Ата шаарына кире берген жерде жалгыз гана кытай тилинде жазылып илинген темир жарнама тактасы мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамды бузуп жатат деп Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдиришкен. 

Илинген сүрөттөгү жарнама кытай тилинде жазылып, компаниянын аталышы жана байланыш телефондору латын тамгалары менен көрсөтүлгөн.

Sputnik Кыргызстанга аталган компаниянын реклама бөлүмүнөн бул жерде катачылык кетип калган деген маанайда маалымат беришти.

"Мындай жарнактарды биз адатта "Жунхайга" ("Дордой" ири базарынын аймагындагы кытай товарлары дүңүнөн сатылуучу базар — ред.) мамлекеттик тилдеги коштоосу менен илчүбүз. А бул жерде жаңылыш жазылган түрү басмаканага калпыстык менен жиберилип, аны басып чыгарып, Чолпон-Атага жөнөтүп ийишиптир. Биз мамлекеттик тил боюнча талаптарды билебиз, жаңылыштык кетип калды", — деп айтышты ишканадан. 

Компаниянын реклама бөлүмүнөн кетип калган катачылык үчүн кечирип сурашып, жаңылыш делген жарнаманы бир саат ичинде алмаштырууга убада беришти. 

Ысык-Көл районунун акими Раимбек Имангазиев бул жагдайды көзөмөлүнө алып, аны токтоосуз чечтирип салуу маселесин карай тургандыгын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0