Бакыт Тилегенов Казак мамлекеттик оркестрине дирижерлукка чакырылды

© Sputnik / Табылды КадырбековМузыкальные инструменты за сценой. Архивное фото
Музыкальные инструменты за сценой. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек мэриясынын эл аспаптар оркестри Казакстандын Актөбө шаарында апрель айында өткөн "Жубанов Коктеми" сынагына катышып, баш байгени жеңип алган.

БИШКЕК, 8-июн. —Sputnik. Кыргыз эл артисти, Бишкек мэриясынын эл аспаптар оркестринин башкы дирижеру Бакыт Тилегенов Курмангазы атындагы Казак мамлекеттик эл аспаптар оркестрине дирижерлук кылууга чакырылды. Бул тууралуу шаардык муниципалитет билдирди.

Маалыматка ылайык, концерт 10-июнь күнү Алматы шаарында өтөт. Ага Тилегеновдон тышкары, оркестрдин солисттери Улан Качкыналиев жана белгилүү комузчу Руслан Жумабаев катышат.

Эскерте кетсек, Бишкек мэриясынын эл аспаптар оркестри Казакстандын Актөбө шаарында апрель айында өткөн "Жубанов Коктеми" сынагына катышып, баш байгени жеңип алган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0