Мэрия: газ ташуучу унаа жарылып чыккан өрт толук өчүрүлдү

© Sputnik / Табылды КадырбековПожар бензовоза на улице Фучика — по дороге в аэропорт "Манас"
Пожар бензовоза на улице Фучика — по дороге в аэропорт Манас - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жабыртарткан тогуз кишинин төртөө оор абалды жатат. Алардын ичинде 12 жаштагы бала дагы бар.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Газ ташуучу унаа жарылып чыккан өрт толугу менен өчүрүлгөнүн шаардык мэриядан билдиришти.

Жарылган бензовоздон чыккан өрттүн асмандан көрүнүшү - Sputnik Кыргызстан
Газ ташуучу автоунаанын өрттөнүшүнүн асмандан көрүнүшү
Жарылуу тууралуу билдирүү бүгүн, 6-июнда саат 18.20да түшкөн. Алгач бензин ташыган автоунаа жарылганын күбөлөр билдирген. Кийин ал газ ташыган автоунаа экени такталган. Окуя болгон жерге өрт өчүрүүчүлөр менен тез жардам кызматы барган. Жарылуу ширетүү иштери учурунда эрежени сактабагандыктан чыкканын мэрия билдирген.

Шаардык муниципалитет жарылуудан 10 киши жабыр тартып, анын ичинде 12 жаштагы бала дагы бар экенин кабарлоодо.

ӨКМдин маалыматына ылайык, окуя болгон жерде эки өрт өчүрүүчү машина күзөтүп турат.

Кырсык болгон жерден алынган алгачкы кадрларды Sputnik Кыргызстандын фотолентасынан көрө аласыздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0