Кыргыз милициясы Казакстандын Актөбө аймагындагы окуядан кийин ишин күчөттү

Жазылуу
ИИМ каттоого алынган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн текшерүүгө алып, мамлекеттик имараттарды кайтарууну күчөтөт.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү, 6-июнда республикалык ички иштер бөлүмдөрүнүн бардык жеке курамы күчөтүлгөн тартипке өткөнүн ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Ички иштер министрлиги коомдук тартипти жана КМШ өкмөт башчылар кеңешинин жыйынын өткөрүү учурунда коопсуздукту сактоону жогорулатуу боюнча буйрук чыгарды. Мындай аракеттердин көрүлүшүнө Казакстандын Актөбө облусунун аймагындагы террордук актылардын жасалышы себеп болгон.

"Уюшкан кылмыштуу топтун, экстремисттик жана террордук уюмдардын мүчөлөрү катары каттоого алынгандар текшерилүүдө. Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын деталдуу пландары иштелип чыгууда", — деп айтылат билдирүүдө.

Атайын даярдыктагы кызматкерлерден кандайдыр бир кырдаалдар жаралып калса тиешелүү чечимдерди кабыл алуусу үчүн ыкчам-тергөө топторунун күчөтүлгөн кезметтери уюштурулууда.

Студенттер жана жумушчулардын жатаканаларында, аэропорттордо, авто жана темир жол бекеттеринде, соода жайларда, базарларда жана эл топтолгон аймактардаа Кайгуул кызматтары күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.

Открытие учений сил и средств разведки вооруженных сил стран ОДКБ Поиск-2016 - Sputnik Кыргызстан
Казакстанга террорчулук кооптуулук боюнча "сары" деңгээл киргизилди
ИИМ убактылуу кармоо жайларында күзөттү күчөтүүдө. Атайын жайларда тартип катуулатылып, абакта отургандар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Өзгөчө мааниге ээ жана мамлекеттик объектилерди кайтаруу күчөтүлдү. Мындан сырткары жарандык жана кызматтык куралдарды кайра каттоо, сактоо эрежелери текшерилмекчи. Атайын жайлардагы, сактоого уруксаты бар жарылып кетүүчү жана уулуу делген заттар кайрадан катталып, такталуу иштери жүргүзүлөт.

Мындан сырткары аймактык бийликтин, диний уюмдардын, улуттук диаспоралардын өкүлдөрү менен биргеликте жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлмүкчү.

Дем алыш күнү куралданган белгисиз жарандар Актөбөдөгү курал-жарак саткан дүкөнгө жана аскер бөлүгүнө кол салышкан. Анын кесепетинен алты киши каза болуп, онго жакын киши жаракат алган.

Террористтерге каршы режим жарыяланып, коомдук транспорттун иши токтотулган. Актөбөдө болгон атайын операция учурунда жалпысынан 12 согушкер өлтүрүлүп, 6-7 киши издөөгө алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0