Кыргызстанга биринчи жолу Дүйнөлүк туристтик уюмдун башкы катчысы келди

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүДүйнөлүк туристтик уюмдун башкы катчысы Талеб Рифаи. Архив
Дүйнөлүк туристтик уюмдун башкы катчысы Талеб Рифаи. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чаранын алкагында Кыргызстандын жана өлкөдөгү туристтик ассоциациялардын Дүйнөлүк туристтик уюмунун гранттык программаларына катышуусу талкууланат.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Кыргызстанга биринчи жолу Дүйнөлүк туристтик уюмдун башкы катчысы Талеб Рифаи иш сапары менен келди. Бул тууралуу Туризм департаментинен кабарлашты.

Билдирмеге караганда Талеб Рифаи менен Кыргызстандагы туристтик ассоциациялардын өкүлдөрүнүн жолугушуусу бүгүн саат 11.00дө өтөт. 

Ысык-Көл. Архив - Sputnik Кыргызстан
Air Astana кардарларын Бишкектен Ысык-Көлгө чейин бекер алып барат
Иш-чаранын алкагында Кыргызстандын жана өлкөдөгү туристтик ассоциациялардын Дүйнөлүк туристтик уюмунун гранттык программаларына катышуусу талкууланат. 

Мындан тышкары, Талеб Рифаи түрк тилдүү мамлекеттердин туризм министрлеринин III жолугушуусуна катышат. Ал 7-июнда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы "Рух Ордо" маданият борборунда өткөрүлөт. 

Белгилей кетсек, Дүйнөлүк туристтик уюмдун курамына 156 мамлекет, алты ассоциация, 400дөн ашык жеке ишкерлер кирет. Кыргызстан уюмдун курамына 1993-жылы катталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0