Майып балдарды окутуунун ыкмаларын мугалимдерге үйрөтүп жатышат

Жазылуу
Семинарда ден соолугунан жабыркаган балдарды мектеп жашына чейин сапаттуу билим алууга даярдоо иши турат деп кошумчалашты министрликтен.

БИШКЕК, 4-июн.— Sputnik. Майып балдарды өзүнчө окутуу боюнча план иштеп чыгууну мектеп мугалимдерине үйрөткөн окутуу борбор калаада өтүп жатат. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

"Майып балдарга кепилдик берилген сапаттуу мамлекеттик тейлөө кызматтарын көрсөтүү — бүгүнкү күндүн талабы. Андыктан, тармактар арасында өз ара байланыштарды өнүктүрүү менен эрте жашта эле баланын майыптыгын аныктап, өлкөдө бул жаатта түзүлгөн атайын программаны өнүктүрүү керек", — деп айтылат маалыматта. 

Анын негизинде ден соолугунан жабыркаган балдарды мектеп жашына чейин сапаттуу билим алууга даярдоо иши турат деп кошумчалашты министрликтен.

Семинарга аталган министрликтин өкүлдөрү, мектеп директорлору, социалдык педагогдор, мугалимдер, майып балдар үчүн билим берүүгө ылайыкташкан ресурстук борборлордун бөлүм кызматкерлери катышууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0