Мугалимдер окуучулардын маңзат колдонуусунун алдын алууну үйрөнүштү

CC BY-SA 2.0 / Matto Fredriksson / Found"Спайс" маңзаты. Архив
Спайс маңзаты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окутууда жаштар арасында "Спайс" деп аталган маңзаттын жайылуусуна каршы күрөшүүнүн жолдору талкууланды.

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгы мектептин завучтары, социалдык педагогдор жана мектеп психологдоруна окуучулардын маңзат колдонуусунун алдын алуу боюнча атайын окуу өткөрдү. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди.

Кол кишенчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Таласта маңзат сатууга шектелип жыйырманын кырын ашкан төрт тургун кармалды
Окутууда жаштар арасында "Спайс" деп аталган маңзаттын жайылуусуна каршы күрөшүүнүн жолдору талкууланды. 

Ошондой эле маңзатты колдонгондорду кантип аныктоо керектигин жана аларга жардам берүүнүн ыкмалары үйрөтүлгөн. Андан сырткары, мугалимдерге маңзат менен күрөшүүдө өкмөт тарабынан көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалыматтар берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0