Бишкектеги жаңы конушта китеп акциясы өткөрүлөт

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүКитепканадагы окуурман. Архив
Китепканадагы окуурман. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акция Бишкектин түндүк жагында жайгашкан "Ак Бата" жаңы конушунда өткөрүлөт. Китеп окуу жана мастер-класстардан сырткары шахмат, шашки сыяктуу стол үстүндөгү оюндар уюштурулат.

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. "Ак Бата" жаңы конушунун жергиликтүү жашоочуларына китеп акциясы өткөрүлөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматы билдирди. 

Манасчы Саякбай Каралаевдин энциклопедиясы - Sputnik Кыргызстан
Манасчы Саякбай Каралаевдин энциклопедиясы жарык көрдү
Акция ишемби күнү саат 11.00дө башталат. Ал Борбордук китепкана менен Касымалы Баялинов атындагы жаштар жана балдар китепканасы тарабынан уюштурулуп жатат. 

Иш-чаранын негизги максаты — жарандардын көңүлүн китепке буруу болуп эсептелет. 

Акциянын алкагында китептердин көргөзмөсү, "Менин сүйүктүү китебим" аттуу темада сүрөт сынагы жана китептерге кам көрүү боюнча мастер-класстар уюштурулат. 

Мындан тышкары, стол үстүндө ойнолгон шахмат, шашки оюндары өткөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0