Ремонттон кийин Тарых музейинин көрүнүшү кандай болот?

© Фото / ТИКА БишкекМамлекеттик тарых музейин реконструкциялоо долбоору
Мамлекеттик тарых музейин реконструкциялоо долбоору - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбор калаанын "Ала-Тоо" аянтындагы Мамлекеттик тарых музейи 25-мартта оңдоп-түзөө иштери үчүн жабылган.

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Мамлекеттик тарых музейин реконструкциялоо долбоорун каржылай турган Түркиянын ТИКА уюму комплекстин ремонттон кийинки көрүнүшү менен тааныштырды.

Реконструкция эки этап менен жүргүзүлөт. 25-мартта башталган биринчи этабы музейдин маңдайкы бетин жана "Ала-Тоо" аянтына чейинки аймакты оңдоп-түзөө иштерин камтыйт. 31-августка чейин белгиленген экинчи баскычында акыркы жумуштар аткарылмакчы.

Реконструкция, көк тиреген түтүктөр. Бишкектеги ТЭЦтин асмандан көрүнүшү
Музейди реконструкциялоо иштерине 270 миллион сом сарпталары айтылган. Мында имараттын түндүк, батыш жана чыгыш жагы айнектелип, сигнализация, лифт жана эскалатор орнотулат. Андан сырткары, экспонаттарды сактоо үчүн атайы жабдуу сатып алынып, жарыктандыруу системасы жакшырат. 

Маалымат боюнча реконструкциядан улам музей 2017-жылдын сентябрь айына чейин жабык болот.

Мамлекеттик тарых музейи 1925-жылы негизделип, имарат 1984-жылы салынган. Бул жерге 135 миң экспонат коюлган.

Жаңылыктар түрмөгү
0