Муфтий Токтомушев Германиядагы экстремизмге каршы конференцияда доклад окуду

© Фото / пресс-служба ДУМК КРАзирети муфтий Максат ажы Токтомушев Германияда өткөн "Экстремизм, терроризмдин жана зордук-зомбулуктун алдын алуу" аттуу конференцияга катышты.
Азирети муфтий Максат ажы Токтомушев Германияда өткөн Экстремизм, терроризмдин жана зордук-зомбулуктун алдын алуу аттуу конференцияга катышты. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чарага 57 өлкөнүн коопсуздук серепчилери, окумуштуулары, дин аалымдары келген.

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Азирети муфтий Максат ажы Токтомушев Германияда өткөн "Экстремизм, терроризмдин жана зордук-зомбулуктун алдын алуу" аттуу конференцияга катышты. Бул тууралуу муфтият билдирди. 

Кыргызстан муфтийи Максатбек Токтомушев. Архив - Sputnik Кыргызстан
КР муфтийи Кытайдын Дин иштери боюнча башкармалыгынын жетекчиси менен жолукту
Маалыматка ылайык, жыйын Германия мамлекетинин Берлин шаарында өтүп, ага 57 өлкөнүн коопсуздук серепчилери, окумуштуулары, дин аалымдары катышып, жалпысы болуп 350 адам келген. 

Ар кайсы мамлекеттерден келген делегаттар зордук-зомбулук, экстремизмге каршы күрөшүү, аялдардын жана жаштардын радикалдык уюмдардын катарына кошулуусунун алдын алуу боюнча докладдарын окуп, бир катар орчундуу маселелерди талкуулашты. 

Конференцияны Германия мамлекетинин тышкы иштери министри Франк-Вальтер Штайнмайер жана ички иштери министри Томас де Мезьер ачып берди. 

Жаңылыктар түрмөгү
0