Ат-Башыда Жумамүдүн Шералиевдин эстелиги ачылат

© Sputnik / Табылды КадырбековАт-Башыдагы Чеч-Дөбө тоосу. Архив
Ат-Башыдагы Чеч-Дөбө тоосу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нарын облусунун Ат-Башы району 1930-жылы уюшулган.

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунун 85 жылдыгы белгилене турганын уюштуруу комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара 4-июнга белгиленген. Алгач коноктор Сейитказы Андабеков атындагы спорт комплексинде кабыл алынып, мааракеге арналган конференция өтмөкчү.

"Мындан тышкары, Ат-Башыга кире бериш жерде мемориалдык комплекстин жана Жумамүдүн Шералиевдин айкелин ачуу салтанаты болот", — деп айтылат билдирүүдө.

Түштөн кийин Ача-Кайыңды айылында ат оюндары өтүп, маараке ырчы-чоорчулардын катышуусу менен даярдалган ири концерт менен жыйынтыкталат.

Ат-Башы району Нарын облусунун түштүк бөлүгүндө жайгашып, 1930-жылы уюшулган. Түштүк жана түштүк-чыгышынан Кытай, чыгышынан Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз, түндүгүнөн Нарын, түндүк-батышынан Ак-Талаа, батышынан Ош облусунун Өзгөн, Кара-Кулжа райондору менен чектешет. 

Жаңылыктар түрмөгү
0