Эколог: чымын-чиркейлер адамга зыян тийгизгени менен табиятка пайдалуу

© flickr.com / Stefan BerknerЧымын-чиркейлер. Архив
Чымын-чиркейлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адис акыркы жылдары Бишкекте чымын-чиркейлер дээрлик он эсеге азайганын белгилейт.

БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Чымын-чиркейлер Бишкек шаарынын табиятына пайдалуу. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине эколог, биология илимдеринин кандидаты Эмил Шүкүров билдирди. 

Анын айтымында, чымындардын көбөйүшүнүн бир себеби жаңы курулган үйлөр болууда. Анткени алар шаардагы шамалдардын согушуна терс таасирин тийгизет.

"Жаандуу аба ырайы чымын-чиркейлердин көбөйүшүнө жакшы шарт түздү. Бир чети көп кабаттуу үйлөрдөгү жер төлөлөр да аларга жардамдашты", — деди Шүкүров. 

Анткен менен эколог акыркы жылдары чымын-чиркейлер азайып жатканын кошумчалады. 

"Шаардагы түнкү жарыктар чымын-чиркейлердин жок болушун шарттоодо. Дээрлик он эсеге азайып кетти. Бул — жаман көрүнүш. Алар шаарды жашылдандырууга жардам берет", — деди эколог. 

Ал чымын-чиркейлердин көптүгү шаардын экосистемасына пайдасы чоң экенин кошумчалады. 

Жаңылыктар түрмөгү
0