Ош мэри: тойго 1 млн. сом сураган тургундун өтүнүчүн орундата албайбыз

© Sputnik / Табылды КадырбековОш шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев. Архив
Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ага жолдонгон катты көрө электигин айткан Оштун мэри Айтмамат Кадырбаев мындай сумма бюджетте каралбаганын билдирди.

БИШКЕК, 2-июн.— Sputnik. Оштун 66 жаштагы тургуну Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевден өзүнүн мааракесин жана уулунун үйлөнүү тоюн өткөрүү үчүн 1 миллион сом сурап кат жөнөткөн. Бул туурасында жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыкты. 

Буга мэр андай өлчөмдөгү сумма бюджетте каралган эместигин жана ал адамдын суранычы орундалбай калат окшойт деген пикирин Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

"Тилекке каршы, андай өлчөмдөгү сумма бюджетте каралган эмес. Эгерде бюджет бекий электе билдирсе, аны шаардык кеңештин кароосуна жөнөтмөкпүз. Тилекке каршы, анын өтүнүчү орундалбай калат окшойт. Ал эми катты көрө элекмин", — деди мэр Кадырбаев.

Ал эми жергиликтүү тургун акча суроосунун себебин мындайча түшүндүргөн:

"Менин арыз жазуумдун себеби төмөнкүчө, өзүмдүн 66 жашымды белгилеп, уулумдун үйлөнүү үлпөтүн тарыхый жана маданияттуу өткөрүүгө бир миллион сом кайтарымсыз жардам кылууңузду өтүнөм. Тойду 10.10. 2016-жылы өткөрсөм дейм", — деп жазылган жергиликтүү тургун жөнөткөн катта.

Ал эми жеке өзүңүздүн мүмкүнчүлүгүңүз болсо берет белеңиз деген суроого Кадырбаев "аны карап көрмөкпүз" деп жооп берди. 

Кат Ош шаарынын мэриясына 2016-жылдын 1-июнунда келип түшкөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0