Министр: сел алып кеткен үч жашар бала Өзбекстанга агып кетиши мүмкүн

© Фото / пресс-служба МЧС КРСотрудники МЧС расчищают завал сошедшего селя в городе Кадамжай
Сотрудники МЧС расчищают завал сошедшего селя в городе Кадамжай - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министр Кадамжайдагы сел кырсыгы 75 миллион сомго жакын чыгымга алып келгенин айтты

БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Селден улам сайга кулап кеткен унаанын ичиндеги үч жашар бала сууну агымы менен Өзбекстандын аймагына кирип кетүүсү мүмкүн. Бул тууралуу өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов бүгүн парламентке отчет берип жатып билдирди. 

Кадамжайдагы сел. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кадамжайда сел алып кеткен бөбөктү куткаруучулар кол менен издеп жатышат
Эске салсак, 27-май күнү Жийделик аймагында тынбай жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, ал адам өмүрүнө зыян алып келген. Ичинде жүргүнчүлөрү бар автоунаа сайга кулап, ичиндеги төрт чоң киши жана эки жаштагы бала каза болгон. Дагы бир алты жаштагы баланы куткаруучулар сактап калууга үлгүргөн.

Ал эми сел агызып кеткен унаа ичинде дагы бир үч жашар бала болгону айтылып, ошол эле күнү изделе баштаган. 

Министрдин айтымында, Кадамжайда май айында болгон сел кырсыгы 75 миллион сомго жакын чыгым алып келди. Учурда шагыл басып калган жолдор менен суу каналдар толугу менен тазаланып бүттү. 

"Жолдордон сырткары электр жарыксыз калган 4 миң 480 абонент жарык менен камсыз болушту. Саламаттык сактоо кызматкерлери менен биргеликте 240 турак үй текшерилип, дезинфекция да жүргүзүлдү", — деп билдирди Боронов. 

Ал эми сел агызып кеткен унаа ичиндеги үч жашар бала дагы деле табыла электигин ырастады. 

"Селдин агымы менен бала Өзбекстандын аймагына кирип кетүүсү мүмкүн. Ошол себептен коңшу өлкөгө кайрылып, табылып калса кабарлап коюуларын өтүндүк", — деп кошумчалады Боронов.

Ал билдиргендей Ош-Айдаркен жолуна түшкөн шагыл тазаланып жол каттамы ачылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0