Медакадемиянын ректору бир айдан кийин шайланат

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз мамлекеттик медициналык академиясы. Архив
Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда КММАнын ректорунун милдетин проректор Нурлан Биримкулов аткарууда.

БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын (КММА) ректорлук кызматына талапкерлер 10 күндөн кийин арыздарын тапшыра берсе болот. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине аталган академиянын маалымат кызматынын жетекчиси Абибилла Пазылов билдирди. 

Эске сала кетсек, 31-май күнү КММА ректору Аширали Зурдинов кызматтан алынган. 

Пазыловдун айтымында, уюштуруучу комитет беш күн ичинде түзүлөт. Андан соң үч күн ичинде Билим берүү жана илим министрлиги курамды бекитүүсү керек. 

"Ректорлукка талапкерлер 10 күндөн кийин арыздарын тапшыра берсе болот. Ал эми шайлоо бир айдан соң өтөт", — деди Пазылов.

Ал КММАны өздүк курамдагы мугалимдер же сырттан келген башка бирөө жетектеп калышы мүмкүндүгүн кошумчалап, эң башкысы талапкердин профессор деген илимий наамы болуусу керектигин айтты. 

Мыйзамга ылайык, КММАнын ректорунун милдетин проректор Нурлан Биримкулов аткарууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0