Жалал-Абадда төрөгөн 14 жашар өспүрүмдү ата-энеси кызы менен чыгарып кетти

Жазылуу
Өспүрүм ден соолугу чың маалына жеткен кыз төрөгөн.

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Жашы жете элек 14 жашар кыз Оштон Жалал-Абадга келип кыз төрөгөн. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынын өкүлү Мыктыбек Турдубеков билдирди.

Анын айтымына караганда өткөн жумада Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгына облустагы төрөтканадан жашы жете элек кыздын төрөгөндүгү тууралуу маалымат келип түшкөн. 

"Тергөө тобу териштирүү иштерин жүргүзүп жатат. Окуянын чоо-жайы аныкталса юридикалык баа берилет. Өспүрүм кыз түшүнүк катка бир жыл мурун таанышкан жигити менен сүйлөшүп жүрүп аны менен жакын мамиледе болгонун жазган", — деп билдирди Турдубеков.

Өспүрүм ден соолугу чың кыздуу болду. Анын көз жаргандыгы тууралуу маалыматты уккандан кийин ата-энеси Оштон келип өспүрүмдү кызы менен төрөтканадан чыгарып кетишкенин Турдубеков кошумчалады. Ал билдиргендей кыздын ата-энеси өспүрүмдүн боюнда бар экенин билген эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0