Караколдо активисттер 60 миң долларлык долбоор утуп, эс алуу жайын курганы жатышат

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүКурулуш иштери. Архив
Курулуш иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Караколдогу эс алуучу жайдын курулуш иштери июлдун башында башталып, октябрда бүткөрүлүүсү пландалууда.

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Ысык-Көлдөгү Каракол шаарына 60 миң долларга эс алуучу жай курулат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине "Дестинация Каракол" коомдук бирикмесинин негиздөөчүсү жана жетекчиси Рахат Жамалова билдирди. 

Жамалова болгону 24 жашта. Ал өзүнүн пикирлештери менен биргеликте долбоор жазып алгачкы чоң ийгиликке жетишти. 

"Бирикме быйыл түзүлгөнү менен 2015-жылдан бери эле коомдук иштерге активдүү катышып келебиз. Маселен былтыр чет элдик уюмдардын бири бизнести өнүктүрүү боюнча программасын жарыялаган. Анын негизинде долбоор жазып 60 миң доллар утуп алдык", — деп билдирди Жамалова. 

Анын айтымына караганда берилген каражатка эс алуучу жай 1-июлдан тартып курула баштайт. 

"Кечээ шаардык кеңештин сессиясында "Каракол" дарыясынын жээгине эс алуучу жай куруу үчүн 1 гектар 60 сотых жер бөлүп берүү чечими чыгарылды. Эми анын негизинде башкы план түзүлө баштайт. Аны шаардык архитектура менен биргеликте ишке ашырабыз. Курулуш иштери октябрь айында бүткөрүлөт", — деп ырастайт Жамалова. 

Бөлүнгөн аймакка эки көпүрө, асман алдындагы кинотеатр, сахна, спорттук аянт, велосипед тебүүгө атайын жол жана отургучтар курулуп шам чырактар орнотулат. Жамалованын айтымында, дагы эмнелер салына тургандыгы башкы планды түзүүдө каралат. 

"Караколго келген туристтер 1-2 күнгө келип эле кетип калышат. Ошон үчүн туристтерди кызыктырган жайларды көбөйтүү — биздин негизги максат. Шаарымды абдан жакшы көрөм. Бишкекке же дагы башка жакка кетким келбейт. Буюрса ушул жерде жашап, жаш маалымда шаардын өнүгүшүнө салым кошууга бардык күчүмдү жумшайм", — деп кошумчалады Жамалова. 

Ал билдиргендей курула турган эс алуучу жай муниципалитеттин балансында калат. 

Бул боюнча Каракол шаардык кеңештин депутаты Азамат Айтбаев долбоорду ишке ашыруу үчүн жер бөлүп берүү маселесин бир добуштан колдоп беришкенин билдирди.

"Алгач депутаттарга долбоор тааныштырылып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бардык суроолорго жооп алынгандан кийин 31 депутаттын 30у колдоп берди, бирөөсү жыйынга келбей калган эле", — деп билдирди Айтбаев. 

Бишкек Ысык-Көл жолу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков Ысык-Көлгө кетчү жолдо ажатканалардын жоктугуна нааразы болду
Ал эми Туризм департаментинин жетекчиси Азамат Жаманкулов аталган эс алуучу жай тууралуу толук маалыматы жок экенин билдирди. 

"Бул тууралуу уккам, бирок толук маалыматым жок. Себеби Туризм департаменти коомдук активисттердин, ишкерлердин ишине кийлигишүүгө же текшерүүгө милдеттүү эмес. Биз туризмди өнүктүрүүдө пайда болгон бөгөттөрдү жоюп, жасалып жаткан жакшы иштерди пропагандалаганга шарт түзөбүз", — деп билдирди Жаманкулов.

Ал билдиргендей Кыргызстандагы туризмди өнүктүрүү үчүн салым кошкон активисттер менен ишкерлер жыл аягында департамент тарабынан өткөрүлчү "Turism Awards" сыйлыгына ээ болушат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0