КМШ саммити учурунда кайсы көчөлөр жабылары аныкталды

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүЖол белги. Архив
Жол белги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын жыйыны учурунда коомдук тартипке 700 милиция кызматкери көз салат.

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Кайгуул милициясынын башкы башкармалыгы Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын саммити учурундагы коопсуздук чаралары жана көчөлөрдүн жабылышы тууралуу билдирди.

Эскерте кетсек, саммит 6-7-июнь күндөрү өтөт.

ИИМ делегация жүрө турган жолдорду иликтеп чыгып, төмөнкү көчөлөр жабыла турганын белгиледи:

  • "Манас" аэропортунун бөлүгү жана Бишкекке кире берген аймак;
  • Жибек Жолу көчөсү (Фучиктен Манас проеспектисине чейин);
  • Манас проспектиси (Айтматов, Тынчтык проспектиси) — Жибек Жолунан Мамлекеттик резиденцияга чейин;
  • Чүй проспектиси — ЖК имаратынан Манас проспектисине чейин;
  • Абдымомунов көчөсү — Байтик баатырдан Орозбеков көчөсүнө чейин;
  • Чыңгыз Айтматов проспектиси — Мамлекеттик резиденциядан Абсамат Масалиев көчөсүнө чейин (Түштүк магистраль);
  • Абсамат Масалиев көчөсү (түштүк магистраль) — Чыңгыз Айтматов проспектисинен Сухэ-Батор көчөсү менен кесилишкен бөлүккө чейин.

Иш-чарага катыша турган унаа каражаттары учурда техникалык кароодон өтүп, айдоочуларга жол эрежесин тыкыр сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. 

Коопсуздукту 700 милиция кызматкери көзөмөлдөйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0