Активисттер көчөгө жол чийиндерди боёп чыгышты

Жазылуу
Бишкектин "Жал" кичи районундагы мектептердин бири жолго жакын жерде жайгашкан, ал эми унаалардын каттамы арбын. Ушул себептерге байланыштуу жол чийин түшүрүлдү.

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. "Жол коопсуздугу" коомдук бирикмесинин мүчөлөрү "Жал" кичи районундагы Тыналиев көчөсүндө жол чийинди боеп, катуу ылдамдыкка бөгөт болуучу тосмо орнотушту. Бул тууралуу аталган бирикме билдирди.

Жол чырак жана камералар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Каттоо кызматы: "Акылдуу жол чырак" унаа тыгынын азайтууга жардам берет
Иш-чара "Ылдамдык" долбоорунун алкагында өткөрүлгөн. Аталган аймактагы жол чийин өчүп калган. Анын айынан көпчүлүк айдоочулар жөө адамдарга жол бербей келишкен. Мындан тышкары, жолго жакын жерде №80 мектеп жайгашканын бирикме мүчөлөрү билдиришти.

Жол чийинди боёо иш-чарасы жөө адамдардын коопсуздугун сактоо үчүн жасалды. Ал түнкүсүн "Бишкекасфальтсервис" ишканасы менен биргеликте ишке ашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0