ЕАЭБдин сотуна судья болгон Скрипкина менен Ажибраимованы депутаттар куттуктады

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин депутаты Галина Скрипкина. Архив
Жогорку Кеңештин депутаты Галина Скрипкина. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алардын талапкерлиги Астана шаарында өткөн Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынында жактырылган.

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Галина Скрипкина менен Жогорку соттун судьясы Айжамал Ажибраимова Евразиялык экономикалык биримдиктин сотуна Кыргызстандын атынан судья болуп дайындалышы менен ЖК төрагасы Чыныбай Турсунбеков парламент жыйынында куттуктады.

Россия президенти Владимир Путин ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн президенттери менен Астанада. Архив - Sputnik Кыргызстан
Путин ЕАЭБге мүчө өлкө башчыларын Москвага чакырды
ЕАЭБге Кыргызстандын атынан Галина Скрипкина менен Айжамал Ажибраимовди дайындоо боюнча тийиштүү чечим Астана шаарында өткөн Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынында кабыл алынган.

Буга чейин Евразиялык экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Энергетика жана инфраструктура боюнча министри кызматына Кыргызстан тараптан Адамкул Жунусов дайындалган болчу

Евразиялык экономикалык биримдиктин сотуна ага мүчө мамлекеттерден экиден киши сунушталат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0