Окумуштуулар: стресстен улам мээ клеткалары жабыркайт

© Sputnik / Артем Житенев / Медиабанкка өтүүПартада отурган жигит. Архив
Партада отурган жигит. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Узакка созулган стресстен мээдеги нейрондор жабыркай тургандыгын акыркы изилдөөлөр көрсөттү

БИШКЕК, 1-июнь — Sputnik. Узакка созулган стресстен мээ клеткалары жабыркайт. Бул тууралуу РИА Новости Molecular Psychiatry журналына таянуу менен жазып чыкты.

АКШнын Рокфеллер университетинин окумуштуулары адамдын мээ клеткаларын иликтөөгө алып, эксперименттердин жыйынтыгында ушундай чечимге келген.

"Узакка созулган стресстен мээдеги нейрондор жабыркашы тууралуу кептер айтылып келсе, үч аптага созулган эксперимент ал айтылгандарды тастыктады", — деп билдирилет маалыматта.

Окумуштуулар стресстен улам жабыркаган клеткалар калыбына келбей, мээнин иштешине терс таасирин тийгизээрин да билдиришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0