Киров айылында ичимдик сатуу кан буугандай токтоп, жамандыкка кара мал союлбай калды

© Sputnik / Евгений БиятовДүкөндөгү спирт ичимдиктери. Архив
Дүкөндөгү спирт ичимдиктери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ичимдик сатуу, тажыяга ири мал союу сыяктуу тыюу жалпы элдин чечими менен кабыл алынган.

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Жалал-Абад облусундагы Ноокен районуна караштуу Киров айылында ичимдик сатуу кан буугандай токтоп, жамандыкка кара мал союлбай калган. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине айыл башы Рахимжан Гапаров билдирди.

Эске салсак, буга чейин депутат Аида Салянова ашыкча ысырапкорчулукту болтурбоо үчүн өлүм-житимге чоң мал союуга тыюу салган мыйзам долбоорун жазып чыккан.

Айыл башчынын айтымына караганда ичимдик сатылып турган маалда айылда уруш, жаңжал, ажырашуулар күчөп кеткен.

"Бирөө ичимдик сатып пайда тапса, башкалардын үйүнөн тынчтык кетип, ажырашуулар арбыган. Мындан улам айылда элдик жыйын өткөрүп, ичимдик сатууга тыюу салуу чечим кабыл алганбыз", — деп билдирди Гапаров.

Ал айыл аксакалдары менен биргеликте ири жана чоң дүкөндөрдү кыдырып, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнүн билдирди.

"Бул чечим биздин айылда үч жыл мурун чыгарылган. Ошондон бери уруш, жаңжал токтоп кулак тынчып калды. Ичимдик конокторго да коюлбайт", — деп билдирди айыл башчысы.

Ал эми айылдагы дүкөндөрдүн бирин иштеткен Мамиржан Өмүрзаев ичимдиктер чындыгында сатылбай калганын ырастады.

"Үч жыл мурда айылдын ар бир дүкөнүнүн текчесинде ичимдиктерди көрүүгө болот эле. Алардан сырткары ичимдикти ыстыкандап саткан күркө дүкөндөр арбын болчу. Элдик жыйын өткөрүлүп чечим кабыл алынгандан бери бул көрүнүш токтоду", — деп билдирди дүкөндүн ээси. 

Ал ичимдик сатууга өзү дагы каршы экендигин кошумчалады.

Мындан тышкары 1 500 тургуну бар кичинекей айылда жамандыкка чоң мал союуга тыюу салынып, анын ордуна бир кой союу менен чектелишет. Мындай тыюу башка бирөө тарабынан эмеc, айылдагы жалпы элдин чечими менен кабыл алынган. Ал эми тойлорго, жакшылыктарга союла турган малдын санына чек коюлган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0