00:11 12 Теке 2020
Түз эфир
  • USD77.8000
  • EUR87.8362
  • RUB1.0922
Коом
Кыскача шилтеме алуу
140 0 0

Жаандан улам трактор оодарылып, айдоочу секирип кеткенден кийин ичинде жүргүнчүсү кыпчылып кыймылдай албай калган.

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Казакстандын Жамбыл облусунун Кара-Сай айылында казакстандык жаран оодарылып кеткен трактордон кыргызстандык адамды чыгарып алды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине окуяга күбө болгон Канат Рыскулов айтып берди.

Местные жители рядом с перевернувшимся трактором в селе Кара-Сай Жамбыльской области Казахстана
© Фото / Канат Рыскулов
Казакстандын Жамбыл облусунун Кара-Сай айылында оодарылып кеткен трактор

Кырсык 27-майда болгон. Трактор ала салып, төрт дөңгөлөгү асманды карап калган. Айдоочусу секирип кеткенге үлгүрсө, анын жанындагы жүргүнчү кыпчылып чыга албай калган. Кырсык жаандан улам болгону айтылууда.

Күбөлөрдүн айтымында, алты тонналык унаа аз жерден адам өмүрүн ала жаздаган. Чогулуп калган 5-6 адамдын тракторду тургузууга кылган аракетинен майнап чыккан эмес. Ошондо казакстандык Марат Жетыгенов домкрат таап, жардамга келген адамдарды уюштура алган.

"Өзүмдү шумдук нерсе жасадым деп айта албайм. Менин ордумда ким болсо да ушуну жасамак", — деди Жетыгенов. 

Аман калган жүргүнчү Эрса Ибрагимдин учурда ал-абалы жакшы экени айтылууда.

Тема боюнча

Абаканда 300 баланын өмүрүн сактап калган полиция Эрдик ордени менен сыйланды
Транспорт министринин орун басары Эрнис Мамырканов орден менен сыйланды
Белгилер:
трактор, жүргүнчү, айдоочу, Жамбыл

ЭҢ МААНИЛҮҮ