Кадамжайда сел алып кеткен бөбөктү куткаруучулар кол менен издеп жатышат

© Фото / пресс-служба МЧС КРКадамжайдагы сел. Архив
Кадамжайдагы сел. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин баланын кийимдери кырсык болгон аймактагы дарыянын жээгинен табылган.

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Кадамжай районунун Жийделигинде жүргөн селдин кесепетинен жоголгон бөбөктү куткаруучулар техника өтө албаган кууш жерлерде кол менен издеп жатышат. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди. 

"Техникалар өтө албай турган кууш жерлер бар. Андай аймактарда куткаруучулар баланы кол менен издөөнү улантышууда", — деп кабарлашты ӨКМдин маалымат кызматынан. 

Учурда министрликтин ар кыл түзүмдөрүнөн, жалпысы болуп бөбөктү 83 куткаруучу издеп жатат.

Сел болгон аймактагы ӨКМ кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кадамжайдын сел жүргөн аймактарында санитардык тазалоо иштери жүрүп жатат
27-май күнү Жийделик аймагында тынбай жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, ал адам өмүрүнө зыян алып келген. Ичинде жүргүнчүлөрү бар автоунаа сайга кулап, ичиндеги төрт чоң киши жана эки жаштагы бала каза болгон. Дагы бир алты жаштагы баланы куткаруучулар сактап калууга үлгүргөн.

Ал эми сел агызып кеткен унаа ичинде дагы бир үч жашар бала болгону айтылып, ошол эле күнү изделе баштаган. 

Буга чейин баланын кийимдери дарыя жээгинен табылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0