Жаандан жабыр тарткан энергетикалык объектилер калыбына келтирилип жатат

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүЭлектр зымдары. Архив
Электр зымдары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өткөн жумада катуу жааган жаандан улам өлкөнүн түштүк аймагындагы энергетикалык объектилер авариялык абалга кептелген.

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. "Кыргызстан улуттук электр станциялары" ишканасынын кызматкерлери авариялык абалдагы энергетикалык объектилерге оңдоо иштерин жүргүзүп жатат. Бул тууралуу энергокомпаниянын маалымат кызматы билдирди. 

Реконструкция, көк тиреген түтүктөр. Бишкектеги ТЭЦтин асмандан көрүнүшү
Катуу жааган жаандан улам Машрап-Сай дарыясынын жээги урап түшкөн (Ош облусу). Аталган жээкте ВЛ-110 кВ электр кубатындагы "Каратай-Гүлчө" түркүгү жайгашкан. Ал аркылуу Ош облусундагы Чоң-Алай району электр энергиясы менен камсыз болуп турган. 

Буга ылайык "Кыргызстан улуттук электр станциялары" ААКнын дарыянын нугун өзгөртүү менен андагы таштарды алып чыгышкан. Учурда дарыя жээги бекемделип, иштер уланып жатат.

Жаандан улам Жалал-Абад облусунда дагы "Урумбаш-Жетиген" электр өткөрмөсү жабыр тарткан. Анда оңдоо иштери жүргүзүлүп, түркүктүн кулап кетишинин алды алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0