Көчмөндөр оюну: ролик үчүн 600 миң сом сарпталган эмес

Жазылуу
Буга чейин социалдык тармактын колдонуучусу Никита Тарасенко Көчмөндөр оюну үчүн тартылган роликке 600 миң сом корогонун жазып чыккан.

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун ролигин жасатуу үчүн 600 миң сом корогон эмес. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун катчылыгынын жетекчиси Нурдин Султамбаев билдирди. 

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Көчмөндөр оюндарынын проморолигин Маданият министрлиги тартуулады
Буга чейин социалдык тармактын колдонуучусу Никита Тарасенко көчмөндөр оюну үчүн тартылган роликке 600 миң сом сарпталганын жазып чыккан. Ал видеого бир нече чет элдик роликтердин үзүндүсү кошулганын айтуу менен катчылыкты плагиатчылык боюнча күнөөлөгөн. 

Султамбаевдин билдиргенине караганда аталган ролик расмий түрдө бекитиле элек. Ал түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешине мүчө өлкөлөрдүн февраль айында өткөн жыйынында презентация иретинде гана көрсөтүлгөн. 

"Ооба, биз чет элдик роликтерден үзүндү алганбыз. Бирок бул расмий ролик эмес. Ал үчүн 600 миң сом сарпталган эмес. Каражатты үнөмдөө үчүн роликти биздин катчылыктын кызматкерлери эле жасаган болчу", — деп билдирди Султамбаев. 

Анын айтымында, Дүйнөлүк көчмөндөр оюну расмий ролик учурда даярдалып жатат. Ал жакынкы аралыкта коомчулукка сунушталат. 

"Социалдык тармактарда жарнаманы күчөтүү үчүн мындай роликтердин саны көп болот. Ал эми Facebook колдонуучусунун пикирин угууга даярбыз. 600 миң сом боюнча далилдери болсо, келип айтсын", — деп кошумчалады катчылыктын жетекчиси. 

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 3-8-сентябрда Ысык-Көл облусундагы Чолпон-Ата шаарында өткөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0