Инспекция: Нарындагы мектеп электр линиясынын алдына курулууда

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүКуруучулар. Архив
Куруучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда Мамэкотехинспекциянын адистери ишти токтотуп, мыйзам чегинде чара көрүү иштерин баштады.

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Нарын районуна караштуу Орто-Саз айылында курулуп жаткан мектепте коопсуздук нормалары сакталбай жаткандыгы тууралуу Мамэкотехинспекциянын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда мектептин дубалы электр линиясынын астында курулуп, куруучулардын өмүрүнө коркунуч жаратууда. 

"Мектептин долбооруна ылайык электр зымдары жылдырылуусу керек болчу. Бирок бүгүнкү күнгө чейин талаптар аткарылбай келет", — деп жазылат маалыматта. 

Учурда Мамэкотехинспекциянын адистери ишти токтотуп, мыйзам чегинде чара көрүү иштерин баштады.

Жаңылыктар түрмөгү
0