Өспүрүмдөр менен никелешүү: балалыктан ажыраган кыздар же гаремге карай жол

Жазылуу
Жогорку Кеңеш өспүрүм кыздар менен никелешүүгө тыюу салган мыйзам долбоорду колдобой койду. Sputnik Кыргызстан жашы жете электер менен никелешүүгө эмнеге тыюу салуу керектигин жана мындан ары эмне кылуу зарылдыгын иликтеп көрдү.

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары 26-май күнү "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Аида Салянова тарабынан өспүрүм кыздар менен никелешүүгө каршы демилгеленген мыйзам долбоорун колдобой койду. Мыйзамга 44 депутат макул болсо, 61 эл өкүлү "каршы" добушун берди. Эгер мыйзам кабыл алынса күнөөлүү тарап деп эсептелген ата-эне, молдо жана күйөө 3-5 жылга эркинен ажыратылмак. Парламентарийлердин мындай чечимин коомчулук кескин сынга алды. Айрым депутаттар алардын ордуна башка бирөөлөр добуш бергенин айтса, кээси мыйзамдын чийки экенин негиз келтиришти.

Укуу коргоочу менен активисттер өспүрүмдөр менен никелешүүгө эмнеге тыюу салуу керектигин жана бул мыйзамдын зарылдыгын түшүндүрүп беришти.

Өспүрүмдөр менен никелешүүгө эмне үчүн тыюу салуу керек?

"Демократиялык процесстерди изилдөө борбору" коомдук фондусунун директору Лариса Илибезова 16-17 жаштагы кыздын жыныстык катнашка барганын коомчулук терс кабыл алганы менен никеси кыйылса унчукпай каларын белгиледи.

Адвокат Улан Жумаковдун айтымында, "никенин юридикалык күчү жок, бирок калктын бир бөлүгү үчүн ЗАГСтагы каттоого караганда таасири күчтүү".

Жашы жете электер менен баш кошууга эмне үчүн болбойт?

Мыйзамга ылайык, 18 жашка толо электе баш кошууга кош бойлуулук жана айрым бир себептер уруксат берет. Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясынын өкүлү Гүлбарчын Жумабаеванын айтымында, өспүрүмдөр менен баш кошуу — бул балдардын укугун бузуу болуп саналат.

"Дагы бир себеби — ден соолугунун бузулушу. Эрте жашында турмушка чыгуу өспүрүмдүн саламаттыгын жабыркатат. Мындан улам бала жана эне өлүмүнүн көбөйүшү шартталат", — деди ал.

Уйпаланган укук

Диний китеп жана четка. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өспүрүм менен никелешүүгө тыюу салууга кайсы депутаттар каршы чыкты?
Баш кошууга жол бербеген дагы бир себеп — мүлккө жана башка төлөмдөргө укуктун жоктугу. Нике эч кандай юридикалык күчкө ээ болбойт.

"Ажырашкандан кийин мындай кыздар адатта эч кандай укукка ээ болбойт. Керек болсо, алар жашаган жерине катталбайт дагы. Каякка, кайсы сотко барат? Мисалы, 2010-жылдын 7-апрелинде каза болгондордун жакындарына бир миллион сомдон берилди. Ошондо бул акчаны өлгөндөрдүн жубайлары ала албай калган учурлар болбодубу. Себеби — жубайлар каттоого турган эмес, демек акча башка туугандарына берилген", — деди Кризиске каршы борборлор ассоциациясынын өкүлү Толкун Түлөбекова.

Окуучу кыздарды жакшы көргөндөр

"Ош облусунда мындай окуя болгон. Бир жаран жашы жете элек кыздарга төрт жолу үйлөнгөн. Тогузунчу классты жаңы бүткөн кыз менен баш кошот. Эки-үч жыл жашагандан кийин ажырашып кетет да, башкасына үйлөнөт. Бул бир гана көрүнүш. Ал эми мыйзамда күйөөнүн, ата-эненин, молдонун жоопкерчилиги каралган", — деди "Эрте курулган үй-бүлө" долбоорунун координатору Диана Макенбаева.

Өксүгөн өнүгүү жана токолдукка карай жол

Ден соолуктун жабыркашынан тышкары эрте үй-бүлө куруунун дагы бир кемчилиги бар.

"Кыздар окуп билим алуу, өнүгүү мүмкүнчүлүгүнөн куру калып жатышат. Көп учурда алар ажырашып кетишет. Ошондо иштейин десе же билими жок талаада калып жатышат. Натыйжада үчүнчү, төртүнчү аял болушууда", — деп сөзүн улантат Макенбаева.

Эмне кылуу керек?

Эки жубай никесин каттоодо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда нике каттоонун расмий наркы бекитилди
Аталган мыйзам долбоорду кабыл алуудан тышкары, никелешүүдөн мурун жубайлар ЗАГСтын каттоосуна турушу керек, деп эсептейт адвокат Улан Жумаков. 

"Бизде дин тутуу укугуна чектөө коюлбайт, ошентсе да адам укугу биринчи орунда турушу керек", — деди ал. 

Эскерте кетсек, Кыргызстандын акыйкатчысы Кубат Оторбаев аталган маселе боюнча депутаттарды дагы бир ирет добуш берүүгө чакырды. Анын айтымында, өспүрүмдөр менен никелешүү кыздардын билим алып, андан ары өнүгүүсүнө кедергисин тийгизип келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0