Боронов: селден жабыркаган турак жайлар, каналдар калыбына келтирилүүдө

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевӨКМ башчысы Кубатбек Боронов президент Алмазбек Атамбаевдин кабыл алуусунда. Архив
ӨКМ башчысы Кубатбек Боронов президент Алмазбек Атамбаевдин кабыл алуусунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атамбаев кырсык кесепеттерин жоюу иштерин тездетүүнү жана өзгөчө кырдаал пайда болушу мүмкүн делген аймактар боюнча түшүндүрүү иштерин активдештирүүнү тапшырды.

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Кадамжайда селден жабыркаган турак жайлар, жолдор, инфраструктура объектилерди жана каналдарды калыбына келтирүү иштери улантылып жатат. Бул тууралуу ӨКМ башчысы Кубатбек Боронов президент Алмазбек Атамбаевдин кабыл алуусунда билдирди.

Эскерте кетсек, 27-май күнү Жийделик участкасында сел жүргөн. Мындан улам жолдо келе жаткан унаа сайга кулап, төрт чоң киши жана эки жашар бала каза болгон. Куткаруучулар андан тышкары алты жаштагы баланын өмүрүн сактап калууга жетишкен. Дагы бир үч жашар наристе изделип жатат.

"Калыбына келтирүү иштерин аткарууга куткаруучуларга мамлекеттик жана муниципалдык орган кызматкерлери, ошондой эле жергиликтүү тургундар жардам беришүүдө", — деди министр.

Атамбаев кырсык кесепеттерин жоюу иштерин тездетүүнү жана өзгөчө кырдаал пайда болушу мүмкүн делген аймактар боюнча түшүндүрүү иштерин активдештирүүнү тапшырды.

Буга чейин президент селден каза тапкандардын ар биринин үй-бүлөсүнө 100 миң сомдон материалдык жардам көрсөткөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0