Түркияда орозонун календарын бекитүүгө арналган конгресс өтүп жатат

© flickr.com / KLMirceaТүркия желеги. Архив
Түркия желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Конгресс алкагында Рамазан айынын башталышына карата диний майрамдардын туура убактысын белгилөө боюнча маселеси талкууланууда. Ага Кыргызстандын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев катышып жатат.

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Кыргызстан мусулмандарынын азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев жана азирети муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазыев Түркиянын Стамбул шаарында өтүп жаткан бирдиктүү хижрий календарынын астрономиялык эсептөөлөрү боюнча эл аралык конгресске катышууда. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди. 

Конгресс алкагында Рамазан айынын башталышына карата диний майрамдардын так убактысын белгилөө, календарлык биримдикти уюштуруу маселеси талкууланууда.

Тесме кармаган мусулман. Архив - Sputnik Кыргызстан
Быйыл орозо болжол менен 6-июнда башталат
Стамбул шаарында өтүп жаткан конгресске Кыргызстан, Иордания, Египет, АКШ, Европа мамлекеттеринен атайын өкүлдөр, илимдин докторлору жана илимий изилдөөчүлөр катышууда. 

Эскерте кетсек, быйыл орозо болжол менен 6-июнда башталат. 

Ал эми Рамазан айынын 27-түнү, башкача айтканда 2-июлда Кадыр түн болот. Орозо айт майрамы 6-июлга дал келет. Мусулмандардын маанилүү делген майрамы Курман айт 12-сентябрда белгиленмекчи. 

Бул даталар болжолдуу алынган. Такталган билдирүү айдын чыгышына карап, июндун башында белгилүү болот. Муфтият бул даталар 1-2 күнгө жылышы мүмкүн экенин божомолдойт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0