"Саякбай манасчы" фондусу үч манасчыга үй берет

© Sputnik / Нургуль МаксутоваМанасчы Саякбай Каралаевдин бюсту. Архив
Манасчы Саякбай Каралаевдин бюсту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Июнь айынын башы менен учурдун залкар манасчылары Расбай Исаков, Дөөлөт Сыдыков жана Улан Исмаиловдор жаңы конуштуу болушат.

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. "Саякбай манасчы" коомдук фондусу белгилүү манасчылар Рысбай Исаков, Дөөлөт Сыдыков жана Улан Исмаиловго үч бөлмөлүү бирден батир берет. Бул тууралуу фонддун төрагасы Самат Ибраев билдирди.

Маалыматка ылайык, 4-июнь күнү Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда фонд тарабынан уюштурулган "Улуулукка урмат" аттуу иш-чара өтөт. 

"Турак жай аталган манасчылардын "Манас" эпосун жайылтууга, аны өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн берилүүдө", — деди Ибраев.

Ал аземдин жүрүшүндө манасчылардан тышкары 20 жылдан бери "Манасты" өнүктүрүүдө эмгек кылган адамдар да сыйланарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0