23:58 18 Кулжа 2019
Түз эфир
  • USD69.7305
  • EUR78.0284
  • RUB1.0839
Кыргызстандагы атактуу адамдарды бири, куудул Борончу Кудайбергенов. Архив

Куудул Борончу Кудайбергенов айылга кат жазып, тердеткен текшерүү ишти эстеди

© Фото / Cinemart Production
Коом
Кыскача шилтеме алуу
"Айылга кат" — адамдардын ички сезими, сагынычы, эскерүүсү (72)
73130

Кыргызстандагы атактуу адамдарды бири, куудул Борончу Кудайбергенов Нарын облусуна караштуу Жумгал районунун Түгөл-Сай айылынын бир бурчунда жашап жаткан бир туугандарына, айылдаштарына салам жолдоду. Айыл-апанын ден соолугун, бала-чака, мал-жандын аман-эсендигин сурады.

Андан сырткары Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине каттын касиети жана мектептеги, армиядагы кат жазышуулар туурасында айтып берди.

Сураныч, мындан аркы катты Борончу мырзаны стилинде окуйсуздар.

Биз бала кезден кат жазышып чоңойгонбуз. Ал мектептеги өз ара кабарлашкан, армиядан жолдонгон жана кийинки мезгилдери шаардан айылга жазылган каттар болучу.

Азыркынын СМСи же текшерүү ишин жазгандагы тердеген учурлар 

Кат — биздин байланыш куралыбыз болуптур. Ал тургай окуучу кезде класста отуруп алып, бири-бирибизге кыска-кыска кат жазышчубуз, ойлоп көрсөм, сабак арасындагы жазышкандарыбыз азыркынын СМСи тура. Агай-эжейлерге көрсөтпөй сүйлөшчүбүз да. Анда, сабак же карандаш, калем сап, өчүргүч сурап, чүкө ойномойду болжолдоп алуу же дагы балалык кездин "түйшүктөрү" болгон экен… 

Известный кыргызстанский комиком Борончу Кудайбергенов. Архив
© Фото / Cinemart Production
Кыргызстандагы атактуу адамдарды бири, куудул Борончу Кудайбергенов

Анан өзүнчө жылмаюу тартуулаган каттар болор эле. Текшерүү ишин жазган күндөрү эркек балдардан жакшы окуган кыздарга "мага көчүртүп койчу" деген каттар жаачу эле, атаңгөрү. Же алар көчүртсөчү, бизди жалдыратып. Кайра "жок" деген жооптор жазылган "суук кабар" келет. Биз жөн калабызбы, кайрадан азыркыча айтканда "кагаз СМСтер" жолдонот. Анан акыры биз үчүн көптөн күткөн "тажаттыңар, ушу" деген жагымдуу жооп алабыз. Ал деген көчүрүүгө берилген "добро" да! Шымалана киришкенибизди айтпай эле коюңуз.

Анан кээде "казустар" да болуп кетчү… Кыздар текшерүү иш белгиленген күнү жааган каттан тажашабы, эсепти "ме, сага" деген маанайда, туура эмес көчүрүп, "жообун жазган" учурлар да кездешчү. Анысын кайдан билиптирбиз, тим эле койкойто көчүрөбүз да, ушундай бир ишенимдүү, салабаттуу басыш менен "чыгарган" эсебибизди эжекеге тапшырабыз. Балээсинеби, аныбыздын артыгы чыгат. Мугалим баарын алаканга салгандай билип коёр эле… Айтор, бүгүн кат десеңиз, азыр жылмаюу менен ушул учурларды эстедим.

Жакшы көргөн кыздарга кат жазганга адабий чыгармалардагы сөздөрдү ой, тандачу элек. Билбейм, азыркы жаштар кандай жазат. Ал кезде ушундай бир тердеп-тепчип сөз издечүбүз. Тиги кыз деле кандай окуганыңды, кантип жүргөнүңдү жакшы эле билет дечи, антсе да ушундай бир отуруп, өзүңдүн сабаттуулугуңду, сөздүн гүлүн тергениңди көрсөткүң келчү, чиркиндики десе… Аягында анан, бул "менин колум" деп, беш манжаны дептердин барагына коюп туруп, чийип чыгасың… 

Даяр шаблондор

Каттарда азыркынын тили менен айтканда даяр шаблондор да боло турган. Маселен,

Түлкү качат түз менен,
Тайган кууйт из менен.
Таалайлуу кыз экенсиң,
Таанышкым келди сиз менен!

Акыркы эки сабын окуп, жалмаясың азыр. Биз менен таанышса эле, таалайга оронуп калчудай да, тим эле. Балалык кез экен да… 

Отрисованная рука Борончу Кудайбергенова.
© Фото / Борончу Кудайбергенова
Куудул Борончу Кудайбергеновдун кагазга сызылган колунун сүрөтү

Мектептеги дагы бир окуя эске түштү. Кол кычышып Мирлан аттуу баланын сыртынан тон бычып, анын атынан, аркы класстагы бир кызга ушундай бир сонун кат жаздык. Аягына ал кезде айтылчу, атактуу "жүрүп албайлыбы" сөзүн коштук. Кыз биздин Микени ушундай жаман көрөт эле… Ана башы мен болуп жатам да, "приколдун". "Шедеврди" жөнөттүк, жолун таап. Анан эле күттүргөн жооп келди, Микеге. Кабары жок неме, бүктөлгөн кагазды ачып алып эле аюудай чаңырды. "3 күнгө чейин сыноодон өтөсүң, мектепке таза келип жүрсөң, ойлонуп көрөм" деп жазылыптыр. Микебиз катты мыкчыган бойдон чуркап кетти, жинденип… Сопудай момун, өлүмүш болуп биз калдык, орто жолдо…

Бул окуя менин балалыгымдагы бир эсе жылуу да, бир эсе күлкүлүү да, анан тентек да кезди эстеткенин айткым келди.

Армиядагы каттардын орду мен үчүн өзгөчө болучу

Мен үчүн эң маанилүү деген армияда жазган жана ал кезде айылдан алган каттар эле. Ал "Алыскы Ала-Тоонун боорунда" деп башталчу. "Ала-Тоонун боорунда жашап жаткан алтындай болгон атам менен апама Россиянын бир бурчунда аскердик милдетин өтөп жаткан уулуңар Борончудан жалындуу ысык салам" деп жазылып, анын аягына катары менен үч илеп белгиси коюлчу. Антпесе, болбой калат эле да.

Ал эми бизге келген катты командирлер же озунуп алып келген балдар жөн бербейт, бийле дейт. Бийлемек турсун, баарына даяр болосуң.

Армиядагы кыйналган күндөр айылдан кат алгандан кийин дароо эле унутулуп же жеңил сезилип калуучу. Алар дем-күч берип, алдыга жетелеген касиетке ээ болучу. Кат – ал кезде жашоонун өзүнчө бөлүгү экендигин азыркылар түшүнөр бекен.

Армияда жүргөндө жигиттер кыздарына кат жазып бер десе, баарылап отуруп алып, ойда кооздоп, сөздөрдү тандап кат жазчу элек. Чындап аракет кылып, бир топ убарага батчубуз. Билебиз да, кыздар сезимтал келээрин… Кээ бир балдар сөзгө чоркок. Же мектепте окуп жүргөндө класста эмес, "коридордо" билим алгандар бар да эми… Анан айла жок кат жазгыч болосуң… Азыркыча, айтканда "испич райтер". Армияда эле эмес, мектепте деле ушундай милдетти аткарыптырмын.

Айыл туурасында же сыр жыттанган класстар

Менин айылым, мен жарык дүйнөгө келген жерим. Канчалык алыс кетпейин, жашоомдун учугу бул аймакта. Айылга барып, көчөдө эле сүйлөшүп отуруп калсаң, ага, эжелер, жеңе-байкелер, аксакалдар, апалар баары көзүңө жылуу көрүнөт, себеби алар да сенин балалыгыңдын бир үзүмү. Ал эми шаарда жүрүп балаңды мектепке жетелеп кирип калганда сырдын жытын мурдуңа урунса, дароо айылдагы мектеп көз алдыңа тартылат. Демек, канчалык очор-бачар болуп, сыртта жүрсөк да айылыбыз биздин жашообуздун ажырагыс бир бөлүгү. Андыктан, аман болгула, айылдаштарым, айыл-ападагылар демекчимин.

Кат деген керемет бир нерсе

Ал эми тамашасы жок айтканда, кат деген керемет бир нерсе да. Кээде көзмө-көз, карап турган учурда айтайын деген сөзүңдү жазгандай жеткирип бере албайсың. Кат менен айткан, билдирген таптакыр башкача сезим, башкача маанай. Менин оюмча, заман канчалык өзгөрүп, өнүгүп, видео байланыш өркүндөп кеткени менен каттын касиети дагы деле сакталып кала берет.

Кат аркылуу сүйлөшүп тургандын өзү башкача бир мамиле. Андыктан, кат жазышкыла достор, замандаштар, туугандар. Жакшы сөз айтышып, сый-урматты билдиргиле, бири-бириңерге жылуу сөз арнагыла деп айткым келди. 

Тема:
"Айылга кат" — адамдардын ички сезими, сагынычы, эскерүүсү (72)

Тема боюнча

Абдышүкүр аалымдын айылга каты. "Зырп" эткен жүрөк, тамакка зар жетимдер
Белгилер:
айылга кат, айыл, армия, Борончу Кудайбергенов, Түгөл-Сай айылы, Жумгал району

ЭҢ МААНИЛҮҮ