Президент селден каза болгондордун үй-бүлөсүнө 100 миң сомдон бөлдү

© Фото / пресс-служба МЧС КРӨКМ кызматкелери жана медиктер сел жүргөн аймакта
ӨКМ кызматкелери жана медиктер сел жүргөн аймакта - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы маалыматтар боюнча унаанын ичинде үч жашар дагы бир бала болушу мүмкүн экени айтылып, аны издөөгө 48 куткаруучу тартылды.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Кадамжайда селден каза болгондордун үй-бүлөсүнө 100 миң сомдон бөлүп берди. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Селде калган унаалар. Кадамжайдан алынган кадрлар - Sputnik Кыргызстан
Селде калган унаалар. Кадамжайдан алынган кадрлар
Эскерте кетсек, кечээ, 27-майда түштөн кийин Кадамжайдын Жийделик участкасында жаандан улам катуу сел жүрүп, шаардан келе жаткан унааны агызып кеткен. Сайга кулап түшкөн машинанын ичинде алты жүргүнчү болгон, анын бешөө каза болуп, алты жашар баланы куткаруучулар аман алып калышкан. Акыркы маалыматтар боюнча унаанын ичинде үч жашар дагы бир бала болушу мүмкүн экени айтылып, аны издөөгө 48 куткаруучу тартылды.

Президент тарабынан берилүүчү акча өлкө башчынын социалдык коргоо жана колдоо фондусунан бөлөнүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0