Президент Атамбаев Кадамжайда селден жабыркагандарга жардам көрсөттү

Жазылуу
Кырсык кечээ түштөн кийин болгон. Андан беш адам каза болуп, бир катар турак жайлар жараксыз абалга келген.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Баткен облусунун Кадамжай районунда болгон сел кырсыгынын кесепеттерин тез арада жоюуну өкмөткө тапшырды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Селде калган унаалар. Кадамжайдан алынган кадрлар - Sputnik Кыргызстан
Селде калган унаалар. Кадамжайдан алынган кадрлар
Эскерте кетсек, кечээ, 27-май күнү Кадамжайдын Жийделик участкасында түштөн кийин жаандан улам катуу сел жүрүп, жолдо бара жаткан Honda CR-V унаасын ичиндеги алты жүргүнчүсү менен агызып кеткен. Окуя болгон жерге барган куткаруучулар андагы бир баланы гана сактап калууга жетишкен. Калган беш адам кырсыктан улам каза болгон.

Көп өтпөй аталган аймакка ӨКМ башчысы Кубатбек Боронов жөнөп кеткен. Кырдаал менен жеринен таанышуу үчүн Кадамжайга бүгүн эртең менен премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кетти.

Атамбаев каза болгон адамдардын үй-бүлөсүнө көңүл айтып, аларга материалдык жардам көрсөтүү боюнча тапшырма берди.

Мындан тышкары, өлкө башчы жабырлануучуларга жардам берүү боюнча иштерге көзөмөл кылууга өзүнүн кеңешчиси Икрам Илмияновду жөнөттү.

Жаңылыктар түрмөгү
0