Бишкектеги борбордук мечитте Куран жарышынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Жазылуу
Куран жарышына Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын окуу бөлүмүнүн адиси Абибилла ажы Кадырбердиев, бүткүл дүйнөлүк Куран жаттатуу уюмунун жана Сауд Аравия падышачылыгынын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлдөрү катышты.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Бишкек шаарындагы борбордук мечитте Куран жарышынын жеңүүчүлөрү сыйланды. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди. 

Иш-чара Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы жана "Бүткүл дүйнөлүк Куран жаттатуу уюму" менен биргеликте уюштурулду. 

Куран китеби жана тесме. Архив - Sputnik Кыргызстан
Дааватчылар билимин жогорулатып сертификаттарга ээ болушту
Жарыштын алкагында Куранды толук (30 пара) жатка билүү менен бирге "Ал-ахкаф" сүрөсүнөн тартып "Ан-наас" сүрөсүнө чейин Куран сөздөрүнүн маанилерин билүү, Куранды толук (30 пара) жатка билүү менен бирге "Жазария" текстин жатка билүү, Курандын 3/2син (20 пара) жана Курандын 3/1син (10 пара) жатка билүү тажвид менен окушкан жаштар арасында сынак өткөрүлүп, алардын жеңүүчүлөрү баалуу белектер менен сыйланды.

Куран жарышына Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын окуу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Абибилла ажы Кадырбердиев, бүткүл дүйнөлүк Куран жаттатуу уюму менен Сауд Аравия падышачылыгынын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлдөрү катышты. 

Жаңылыктар түрмөгү
0