Борбор калаанын бир катар көчөлөрүндө көгүлтүр от өчүрүлөт

Жазылуу
Жаратылыш газы төрт күн бою берилбейт.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Бишкектин бир катар көчөлөрүндө төрт күнгө газ өчүрүлөрү тууралуу "Газпром Кыргызстан" ишканасынан билдиришти. 

Маалыматка караганда көгүлтүр от 31-майдан 3-июнга чейин болбойт. 

"Газ берүү төрт күн бою Ладожская, Жибек Жолу, Малышев, Махатма Ганди, Элебесов, Саадаев көчөлөрү менен Кара-Жыгач токоюнда токтотулат", — деп айтылат маалыматта.

Көгүлтүр отту өчүрүү газ куурларындагы оңдоо иштерине байланыштуу болууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0