Генерал-майор колундагы саатын кенже лейтенантка чечип берди

© Фото / пресс-служба Генштаба ВС КРМарат Кенжисариев кенже лейтенант Айдарбек Бузурманбек уулуна кол саатын чечип берүү учурунда
Марат Кенжисариев кенже лейтенант Айдарбек Бузурманбек уулуна кол саатын чечип берүү учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөнүн коргоо ведомствосунун башчысы Жалал-Абаддын Ала-Бука районундагы аскер бөлүгүн текшерди.

БИШКЕК, 27- май — Sputnik. Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Марат Кенжисариев кенже лейтенант Айдарбек Бузурманбек уулуна кол саатын чечип берди. Бул туурасында Башкы штабдын маалымат кызматы кабарлады.

Генерал-майор Кенжисариев ар кандай, ал тургай кычыктуу суроолорго да так жана мааңыздуу кылып жооп берген офицерге кол саатын чечип берген.

Тылдан камсыз кылуу боюнча суроолорду мамлекеттик комитеттин башчысы Жалал-Абаддын Ала-Бука районундагы аскер бөлүгүн текшерип жүргөндө берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0