Илимпоздор Борбор Азиядагы кооптуу оорулардын пайда болуусун талкуулашты

© AP Photo / Olga TutubalinaТажикстандын желеги, Душанбе. Архив
Тажикстандын желеги, Душанбе. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тажикстанда окумуштуулар кооптуу деп эсептелген дарттардын себебин жана Кыргызстанда биолабораториянын курулушу канчалык деңгээлде үмүттү актай турганын талкуулашты.

БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Евробиримдик, Израиль жана Россиянын экологдору Борбордук Азиянын адистери менен бирге аймактагы биологиялык коопсуздукка арналган маселелерди талкуулашты. Бул тууралуу "Евразиялыктар — жаңы толкун" фондусу билдирди.

Душанбе шаарында өткөн тегерек столдо мурунку Советтер союзунун аймагындагы чөлкөмдө аталган маселе олуттуу көйгөйгө айланып бара жатканы белгиленди.

Россия-тажик славян университетинин эл аралык мамилелердин тарыхы кафедрасынын профессору Гузель Майтдинова оорулардын чыгышы кокустук эмес деп эсептейт.

"Украинадагы кооптуу дарттардын пайда болушун коомчулук аталган аймакта америкалык адистер тарабынан курулган жабык жайлар менен байланыштырып келет. Ал эми Грузияда чет элдик аскерлер Ден-соолукту изилдөө борборун куруп кеткенден кийин сасык тумоонун H3N2 деген жаңы вирусу пайда болду", — деди окумуштуу.

Иш-чаранын катышуучулары Кыргызстандын аталган көйгөйдү чечүүнүн ойлонулган ыкмасын айтып өтүштү. Эксперттер өлкөдө биолабораторияны куруу маселеси бир нече ирет көтөрүлүп, бирок коомчулуктун таасири менен курулуш ишке ашпай калганын баса белгилешти.

Жаңылыктар түрмөгү
0