ТИМ: кылмыш жасап Белоруссияда жүргөн КР жарандарын кайтаруу маселеси талкууланды

Жазылуу
Кечээ, 26-май күнү ТИМдин алдындагы консулдук кызмат департаментинин директору Эркин Асангулов менен Белоруссиянын Консулдук башкармалыгынын жетекчиси Игорь Фисенконун жолугушуусу өттү.

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Кыргызстандын аймагында кылмыш жасап, Белоруссияда из жашырып жүргөн КР жарандарын мамлекетке кайтаруу маселеси ТИМдин алдындагы консулдук кызмат департаментинин директору Эркин Асангулов менен Белоруссиянын Консулдук башкармалыгынын жетекчиси Игорь Фисенконун жолугушуусунда талкууланды. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуу кечээ, 26-май күнү өткөн. Анда эки өлкө ортосундагы КР жарандарынын Белоруссияда жана белоруссиялык жарандардын Кыргызстанда жүрүү тартиби талкууланды.

"Тараптар ЕАЭБ алкагында эки мамлекеттин жарандарынын укугун коргоо жаатында эки кызматтын өз ара аракеттенишүүсү тууралуу пикир алмашты", — деп айтылат билдирүүдө. 

Мындан тышкары, эл аралык издөөгө алынып Белоруссиянын аймагында жүргөн КР жарандарын Кыргызстанга кайтаруу боюнча маселе талкууга алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0