Чучукка тийген чулдур сөздөр — "достукка отунуч", "мен ойлойм", "күлкүмүштүү"

© Sputnik / Лев РыжковКыргыз тилин үйрөнүү китебин окуп жаткан бала. Архив
Кыргыз тилин үйрөнүү китебин окуп жаткан бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Филология илимдеринин кандидаты Ишенбек Султаналиев көчөдөгү жарнактардан тартып эл оозуна алынып бара жаткан тантык сөздөрдү карап отурсаң өзүнчө китеп чыгарын айтып кейиди.

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Бүгүнкү "Тибиртке" рубрикасында филолог Султаналиев чулдур сөздөрдүн бир катарын атап өттү. 

Анын айтымында, кыргызча жаңы сөздөрдү Бишкектин борбордук көчөлөрүнөн байкаса болот. 

"Чүй проспектисиндеги кинотеатрлардын биринде "Запрос в друзья" деген тасманы кыргызча "Достукка отунуч" деп бакыйта которуп жазышыптыр. "Ө" тамгасын "о" деп жазганы аз келгенсип, маанилик жактан да туура эмес которулган. "Достукка отунуч" деген сөздү окуп кандай маанини түшүнсө болот?" — деп таңыркайт филолог. 

Кыргызча чен-өлчөм: чай кайнам, бир кесим эттей, бир ууч, тай чабым
Ал ар бир сөздүн элеси болуусу керек экенин айтат. Мисалы "алма" деген сөздү укканда томолок, кызыл, даамдуу деген сыяктуу элестер келет. 

"Анан ошол образды элестетүү менен сөздүн маанисин түшүнөсүң да. Тасмалардын аталышын түзмө-түз которбой маанисине жараша жазыш керек", — дейт Султаналиев. 

Филолог "Белоснежка и охотник" деген тасма дагы маанисине жараша которулбай калганын билдирди. 

"Белоснежка деген кыргыздарда болгон эмес. Аны "үр кыз" деп которуп жүрүшөт. Бирок үр — бул периште деген сөздүн синоними. Ошон үчүн үр кызга караганда "аруу кыз" же "ак кыз" деп которуу туура болмок", — дейт филолог. 

Анын айтымына караганда котормо сөздөрдөн көп ката кетет. Мисалы "я думаю" дегенди "мен ойлойм" деп которуу менен сөз баштагандар арбын. Ал "менин оюмча" деп айтуу туура экенин белгиледи. 

Мындан тышкары, филолог "барчук", "келчүк", "күлкүмүштүү" деген тантык сөздөр коомчулук арасында кадимкидей колдонулуп калганын кошумчалады. 

"Барчук эмес бурчубуз, келчүк эмес келчүбүз, күлкүмүштүү эмес күлкүлүү деп айткан туура. Буларды канча айтканыбыз менен болбой эле туура эмес сүйлөп, жазып жатышат", — деп кейиди Султаналиев. 

Филолог "Манасты" баяндаган кыргыз тилинин үч миңге жетпеген сөзү гана коомчулук тарабынан такай колдонуларын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0