ТИМ: АКШда жол кырсыгынан жабыркагандардын бирөөсүнө операция жасалды

© Sputnik / Табылды КадырбековОперация жасалуучу бөлмө. Архив
Операция жасалуучу бөлмө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсыкка унаанын катуу ылдамдыкта келе жатышы себеп болгон. Учурда Кыргызстандын АКШдагы элчилиги жабырлануучунун туугандары жана анын жанындагы достору менен байланышта болуп жатат.

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. АКШнын Нью-Йорк штатында автокырсыкка учурган эки кыргызстандыктын бирөөсүнө операция жасалып, экинчисинин абалы оор бойдон калууда. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Эскерте кетсек, 24-май күнү катуу ылдамдыкта келе жаткан унаа жол чырагын сүзгөн. Айдоочусу катуу жабыркап, экөө тең ооруканага жеткирилген.

"Учурда кырсыкка учураган кыргызстандыктар NYU Lutheran Medical Center ооруканасында. Бирөөсүнүн бутуна операция жасалып, абалы туруктуу деп бааланууда. Ал жакын арада ооруканадан чыгарылат. Ал эми айдоочу көп жаракат алган. Абалы оор бойдон калууда", — деп айтылат билдирүүдө.

Тез жардам автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кочкордо эки унаа сүзүшүп, 43 жаштагы жүргүнчү каза болду
ТИМдин маалыматына ылайык, учурда Кыргызстандын АКШдагы элчилиги жабырлануучунун туугандары жана анын жанындагы достору менен байланышта болуп жатат. 

Ал эми аталган министрлик элчилик менен биргеликте экинчи жабырлануучунун энесине уулунун жанында болуу үчүн АКШнын Кыргызстандагы элчилигинен виза алып берүү үчүн аракеттерди көрүп жатат. Американын бир катар тийиштүү органдарына кайрылуу жөнөтүлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0