Генетиктер кайгыруу эмне себептен чачты агартарын аныкташты

Жазылуу
Стресс менен депрессия ANK3 генинин иштөө системасын заматта өзгөртүп, адамды эрте карытат.

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Депрессия менен стресс адамды эрте карытып, өмүрдү кыскартат. Бул тууралуу Molecular Psychiatry журналына шилтеме берүү менен РИА Новости жазып чыкты.

Адам депрессия же стресс абалында турганда ANK3 гени менен башка дагы ДНКлардын иштөөсү өзгөрүлөрүн изилдөөлөр көрсөткөн. 

"ANK3 генинин активдүүлүгү адам карыган сайын басаңдайт. Бирок биздин изилдөөлөр депрессия менен стресске байма-бай кабылган адамдардын генинин активдүүлүгү да кыйла начарлай тургандыгын көрсөттү. Мындан тышкары, суицид жасоого аракет жасагандардын гени дагы тез өзгөрөрү байкалды", — деп билдирди Индиана штатындагы Индианополис университетинин окумуштуусу Александр Никулеску. 

ANK3 генинин өзгөчө ролун байкаган окумуштуулар анын иштөө системасына кызыгып, генди изилдеп көрүшкөн. Бул үчүн беш миңге жакын адамдын организми бир канча убакыт бою байкоого алынган. Натыйжада стресс, суицид жана башка көйгөйлөр аталган гендин иштөө системасын заматта өзгөртөрү аныкталып, чачтын агарышына, эрте өлүмгө алып келери белгилүү болгон. 

Жаңылыктар түрмөгү
0