Акыйкатчы: Чым-Коргондогу психиатриалык оорукананын абалы мышык ыйларлык абалда

© пресс-служба Жогорку Кенеша КРАкыйкатчы Кубат Оторбаев. Архив
Акыйкатчы Кубат Оторбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кубат Оторбаев өкмөткө бир катар сунуштарды берип, оорукананы капиталдык жактан оңдоо керектигин айтууда.

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Акыйкатчы Кубат Оторбаев Чым-Коргон айылындагы психиатриалык ооруканага барып, мекеменин абалы менен таанышты. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун маалымат кызматы билдирди.

Дары-дармек. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кургак учукка каршы 300 миң долларлык дарынын жараксыз болуп калышына ким күнөөлүү?
Текшерүүнүн жыйынтыгында бюджеттен жетиштүү акча бөлүнбөгөндүктөн оорукананын абалы өтө начар экени аныкталган. Омбудсмен аппараты аталган ооруканага былтыр 47 миллион сом каралган болсо, быйыл болгону 41,3 сом каралганын айтат. Ошондой эле былтыр дары-дармекке 2,1 миллион сом коротулган болсо, быйыл дары сатып алууга болгону 1,5 миллион сом каралган.

Акыйкатчы ошондой эле ооруканада иштегендердин айлыгынын аздыгын айткан.

"Ооруканада иштегендердин орточо айлыгы 7200 сомду түзөт. Ал эми милдеттүү түрдө дарылоо бөлүмүндө иштеген дарыгерлер соттун чечими менен дарыланып жаткан бейтаптарды кайтарганы үчүн эч кандай кошумча айлык алышпайт", — деп айтылат Акыйкатчы институту тараткан билдирүүдө.

Оторбаев 2009-жылы ошол учурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиев аталган жайдагы милициянын күзөтүүсүн алып салгандыктан медайымдар коркунучтуу бейтаптарды кайтаруу милдетин өзүнө алышканын кошумчалайт.

КР Акыйкатчысы ооруканадагы абалды жөндөө үчүн өкмөткө бир катар сунуштарды берген. Анын ичинде оорукананы капиталдык оңдоо, оорукана талап кылган акчаны бөлүп берүү жана мамлекеттик каттоо кызматына Чым-Коргондогу оорукананы бекер кызмат көрсөтүүчү мекемелердин катарына кошуу сунушу бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0