19:17 19 Баш оона 2017
Түз эфир
Ветеринар. Архив

Министрлик: эхинококкоз дартынын алдын алууга болот

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
37 0 0

Бишкек шаарында жаныбарлардан жугуучу оорунун алдын алуу боюнча атайын акция өтөт. Былтыр республика боюнча эхинококкоз жуктурган 235 учур катталган.

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Бишкек шаарында эхинококкоз дартынын алдын алуу боюнча "Сак болуңуз, эхинококкоз" аттуу атайын акция өтөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган акция 27-майда борбор калаадагы Орто-Сай базарынын аймагында өтөт.

Иш-чаранын негизги максаты эл арасында эхинококкоз дарты тууралуу маалымдуулукту жогорулатуу жана илдеттин алдын алуу болуп саналат. Ага медициналык окуу жайдын студенттери, айыл-чарба министрлиги, Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун өкүлдөрү катышат.

Былтыр республика боюнча эхинококкоз жуктурган 235 учур катталган.

Эхинококоз дарты кишинин боорун же өпкөсүн жабыркатат. Ал негизинен иттен жугат. Ошондой эле эхинококкоздун мөмө-жемиштерге түшүп калган жумурткалары аркылуу да жугат.

Оорунун алдын алуу үчүн үч айда бир жолу ичеги-кардын тазалатып туруу керек. Андан сырткары, гигиеналык тазалыкты сактап, ажатканага баргандан кийин, короодо иштегенден соң колду таза жууш керек.

Тема боюнча

Окумуштуулар: майлуу сүт азыктары диабетти басаңдатып, балдарды семиртпейт
Эхинококкоз дартынын алдын алуу боюнча китептер жарык көрдү
Белгилер:
эхинококкоз, акция, КР Саламаттык сактоо министрлиги

ЭҢ МААНИЛҮҮ