Интернет колдонуучунун билдирүүсүнөн кийин ӨКМ айдоочусуна айып салып, сөгүш берди

Жазылуу
Коомдук активист Айбек Баратов ӨКМге таандык автоунаа жолдо жүрүү эрежесин бузганы боюнча сүрөт жарыялаган.

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Жол эрежесин бузган КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин статс-катчысынын айдоочусу административдик жоопкерчиликке тартылганын министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Жолдун "каршы тилкесине" чыгып, эреже бузган троллейбусту күбө тартып алды
Коомдук активист Айбек Баратов 11-майда мамлекеттик номери 0002 MES болгон Mercedes Benz үлгүсүндөгү автоунаанын радарга түшүп калган сүрөтүн жарыялаган. Анда автоунаа саатына 132 чакырым ылдамдык менен баратканы белгиленген. Жолдо жүрүү эрежеси Чыңгыз Айтматов проспектисиндеги "Манас айылы" жактан катталган.

ӨКМ аталган мамлекеттик номерди айдаган айдоочу боюнча кызматтык тергөө жүргүзгөн.

"КР административдик жоопкерчилик жөнүндөнү кодексинин 232-бөлүгүнө ылайык, жол эрежесин бузган айдоочуга 2 миң сом айып салынды", — деп айтылат маалыматта.

Тергөөнүн жыйынтыгында Н.Э. аттуу айдоочуга ылдамдыкты ашырганы үчүн сөгүш жарыяланып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0